9-октябрда Канат Жумагазиев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине кайтып келди. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ички иштер министрлинин милдетин аткаруучусу Мирлан Каныметовдун буйругу менен Жумагазиев кызматына кайтып барды.
Канат Жумагазиев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого “Биримдик” партиясынын тизмеси менен ат салышкан. Буга байланыштуу кызматынан убактылуу токтоткон болчу.