Мадумаров: Бийлик талашпайбыз

Адахан Мадумаров.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 9-октябрда видео кайрылуу таратып, Кыргызстанда мыйзамдуулук, адилеттүүлүк, элдик бийлик орношу керек экенин айтты. Ал 5-октябрда аянтка чыкканда «шайлоонун мыйзамсыз өткөнүн гана тааныбайбыз, жокко чыгарыш керек» деген талап коюшканын эске салып, ар кандай күчтөргө кайрылып, кызыл кандуулукка алдырбоону өтүндү.

«Биздин партия бир да кызмат бөлүштүрүүгө катышпайт. Бүгүн болуп жаткан митингдерге, чогулуштурга элди чакырып, үгүттөгөн жокпуз. Ар кандай түзүлгөн координациялык кеңештерге да мүчө эмеспиз. Биз өлкөдө мыйзамдуулук орноп, баары өз ордуна келип, коопсуз жашоо уланышын, туруктуулукту каалайбыз. Кылычын алып кыш келе жатат. Элдин жашоосун ойлонуш керек. Биздин партиянын мүчөлөрү эч кандай мамлекеттик кызматка умтулбайбыз», - деди Мадумаров.