Бишкекте №6 оорукана кайра ачылды

Бишкектеги жаңы инфекциялык оорукананын курулушу.

Бишкектеги шаардык клиникалык №6 оорукана бейтаптарды кабыл алуу үчүн ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Аталган оорукана терапиялык, кардиологиялык, неврологиялык оорулууларды кабыл алууда. Эгер вирус күчөп кетсе COVID-19 жуккандарды да кабыл алат. Бишкекте акыркы суткаларда коронавирус жугузгандар көбөйүүдө.

Августтун аягында аталган оорукана оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылган. Бирок, акыркы түзүлгөн саясий, экономикалык оор кырдаалдан улам каражат жетишпей калып, ремонт кийинки жылга жылдырылды.

Коронавирус жугузгандар Бишкектеги №1 клиникалык ооруканада, Кыргыз-Түрк достук ооруканасында, Улуттук фтизиатрия борбору менен Улуттук госпиталда кабыл алынууда. Вирус көбөйсө кошумча ооруканалар ачылары күтүлүп жатат.

Азыркы тапта коронавирусту дарылоого ачылган ооруканалардын 41% толгон. 9-октябрга карата вирус 275 кишиден жаңы аныкталып, төрт киши каза болду. Бишкекте оору күчөп турган июль айынын этегинде курулуш иши башталган инфекциялык оорукананын жаңы имараты азырынча курулуп бүтө элек. (BCh)