Жээнбеков: өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң кызматтан кетүүгө даярмын

Сооронбай Жээнбековдун 6-октябрдагы видеокайрылуусунан алынган сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-октябрда, өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун таратты.

Анда президент өлкөдөгү саясий кырдаал курч абалга жеткенин айтып, аны жөнгө салыш үчүн бир катар сунуштарды берген.

«Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгардык. Эми жаңы парламенттик шайлоолор дайындалат. Бул боюнча БШК өзүнүн тиешелүү чечимин кабыл алат. Бул кадамдар азыркы саясий тирешүүлөрдү басаңдатат деп ишенем», - деген Жээнбеков кризиске чейин иштеп келген өкмөт башчыны жана өкмөт мүчөлөрүн кызматтан кетирип, кийинки дайындоолорго мыйзамдуу жол ачыш керек экенин айткан.

Ал жаңы премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоону легитимдештириш үчүн Жогорку Кеңештин токтому жана президенттин жарлыгын чыгаруу зарыл экенине токтолгон.

«Мен жарлыктарга кол коюуга даярмын, ал үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун күтөм. Жогорку Кеңештин депутаттарынын өз милдетин аткарышын камсыз кылыш үчүн укук коргоо органдары депутаттардын коопсуздугун камсыз кылышы керек», - деди Жээнбеков.

Ал азыркы кызматтык өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштырып, кырдаалды укуктук алкакка кайтарууга зарыл болгон чечимдерге кол коюуну көздөп жатканын, кырдаалды тез арада укуктук алкакка салып, бардык мамлекеттик органдарды, өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин кайталаган. Саясий тараптарды элди бөлүп-жарбоого жана коомго бүлүк салбоого чакырган.

Кыргызстанда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын 5-октябрдагы акциясы массалык тополоңго чейин жетип, саясий кризис башталгандан бери президент ушуну менен төртүнчү ирет кайрылуу таратты.