Ош шаарындагы борбордук аянтта 500дөй кишинин катышуусунда президент Сооронбай Жээнбековду колдоп митинг өттү. Катышуучулар Сооронбай Жээнбеков легитимдүү президент экенин белгилеп, мыйзамдарды сактоого, тынчтыкка жана сабырдуулукка чакырышты. Мындан тышкары улут, аймак аралык бөлүнүүгө жол берилбей турганын айтышты.
Ушундай эле мазмундагы акция бүгүн Кара-Суу шаарында да болду. Жергиликтүү эл, мамлекеттик кызматкерлер өлкөдө мыйзамдуулук орноп, тынчтык сакталышын талап кылып жөө жүрүшкө чыгышты.
Кара-Суу районунда акимдин милдетин Капарбек Абдиев аткарып жатат. Буга чейин Руслан Маматов аттуу жаран 6-октябрь күнү өзүн аким деп жарыялаган.
Мурунку аким Тилек Матраимов Өзбекстандын аймагында кармалганын Кыргызстанда күч органдарын координациялап жаткан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев бышыктаган. (ZKo)
Дагы караңыз
Суваналиев: Учурда жалгыз легитимдүү орган - Коопсуздук кеңешиКара-Сууда жүк ташыган айдоочулар «Абу-Сахий» ишканасынын автоунааларын мамлекетке өткөрүүнү талап кылышууда Ыктыярдуу элдик кошуундар Бишкекти кайтаруудаАКШда вице-президенттикке талапкерлердин дебаты өттүКытайдын Шинжаң менен Гонконгдогу саясатын 39 өлкө сынга алды БШКнын мүчөсү кайра шайлоо бир ай ичинде жарыяланарын билдирдиУКМК: Тилек Матраимовдун кармалганы фейк эмес, чын