УКМК: Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарууда

Өмүрбек Суваналиев.

Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады. Бул милдетти ал Коопсуздук кеңешинин катчысы жок болгонуна байланыштуу аткарып жатат. Атайын кызматтын басма сөз кызматы Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кайда экенин билбей турганын кабарлады.

Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп 2019-жылы февралда дайындалган. Парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмеси аркылуу катышканына байланыштуу кызматынан убактылуу кетип, өлкөдө саясий кризис башталганда кызматына кайра кайтып келген.

8-октябрда жарандык коомдун катышуусундагы жыйында азыркы туңгуюк абалда Коопсуздук кеңеши жалгыз легитимдүү орган экенин, өлкөдөгү оор кырдаалды дагы курчутуп жибербеш үчүн Коопсуздук кеңеши укук жана тартип коргоо кызматтарынын ишин координациялоону өз колуна алганын айткан.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон жарандар президент жана парламент отурган имаратты ээлеп алган 6-октябрдан бери өлкөдө саясий кризис уланууда.

Дагы караңыз

Суваналиев: Учурда жалгыз легитимдүү орган - Коопсуздук кеңешиКоомдук уюмдардын чукул жыйыны үзгүлтүккө учурадыСуваналиев: Саясий партиялар бир пикирге келиши керекСаясий кризистин эпкини кендерге жеттиСуваналиев: Бир да аткаминерди сыртка чыгарбайбыз

Акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар 5-октябрда митингге чыгышкан. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Бул окуялардын натыйжасында БШК акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Президент Жээнбеков Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек. 6-октябрдан бери ал маалымат каражаттары аркылуу үч ирет элге кайрылды.

Легитимдүү бийлик бутагы саналган Жогорку Кеңештин депутаттары бир пикирге келе албай, кезексиз сессияга чогула албай жатышат. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп турат. (TSh)