«Бишкексууканал» ишканасынын кызматкерлери иш таштады

«Бишкексууканал ишканасынын иш таштаган кызматкерлери. 8-октябрь, 2020-жыл.

«Бишкексууканал» ишканасынын кызматкерлери иш таштады. Алар мекеменин жетекчиси Мурадил Сейдалиевдин кызматтан алынышына каршылык билдирип, иш таштаганын ишкананын кызматкери Мекен Балбаков «Азаттыкка» кабарлады. Анын айтымында ушул тапта «Бишкексууканал» ишканасынын кызматкерлери мекеменин алдында митинг өткөрүп жатышат.

Жумушчулар «жетекчини кызматтан кетүү тууралуу арыз жазууга Бишкектин мэри Азиз Суракматов мажбурлады» деп айтышууда.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бул маалыматты четке кагып, иштен кетүү тууралуу арызды Мурадил Сейдалиев өз каалоосу менен жазганын билдирди. Мэриянын басма сөз катчысы Гуля Алмамбетованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, анын арызы мэрдин кароосунда турат.

Мурадил Сейдалиев ишкананы 2015-жылдан бери жетектеп келет. (ZKo)

Дагы караңыз

Ыктыярдуу элдик кошуундар Бишкекти кайтаруудаАКШда вице-президенттикке талапкерлердин дебаты өттүКытайдын Шинжаң менен Гонконгдогу саясатын 39 өлкө сынга алды БШКнын мүчөсү кайра шайлоо бир ай ичинде жарыяланарын билдирдиУКМК: Тилек Матраимовдун кармалганы фейк эмес, чынОш шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду колдогондор беш боз үй тигишти