БШКнын мүчөсү кайра шайлоо бир ай ичинде жарыяланарын билдирди

4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добуш берүү. Бишкек. 2020-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды кайра шайлоо мөөнөтүн бир ай ичинде белгилейт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Анын айтымында кайра шайлоого 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон партиялар катыштырылбайт.

«Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга кайсы партиялар себепкер болгону БШК тарабынан иликтенет, - деди ал. - Ыктыярчылар менен кошо соцтармактарга жарыяланган шайлоо күнү болгон бардык мыйзам бузуу тууралуу фактыларды чогулттук. Андан тышкары БШКга түшкөн арыздар бар. ИИМге, Башкы прокуратурага түшкөн арыздар бар. Ошолордун ар бири каралышы керек. Карап, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга себепкер болгон партияларды аныктайбыз. Бул партияларга шайлоо күрөөсү да кайтарылып берилбейт».

4-октябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышындагы депутаттарды шайлоо өткөн. Баштапкы жыйынтык боюнча шайлоого катышкан 16 партиянын ичинен добуштардын көпчүлүгүн «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан» партиялары алганы жарыяланган. Булардан тышкары 7% босогону «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары басып өткөн.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон башка партиялар 5-октябрда Бишкекте мөөнөтсүз митингге чыгып, ал башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон. Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган.

БШК бул окуялардан кийин акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Жээнбеков Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек. Өлкөдө азыр саясий кризис өкүм сүрүп турат. (ZKo)

Дагы караңыз

«Бир дүйнө - Кыргызстан» саясий күчтөрдү дымагын басып, сүйлөшүүгө чакырдыКытайдын Шинжаң менен Гонконгдогу саясатын 39 өлкө сынга алды Ыктыярдуу элдик кошуундар Бишкекти кайтаруудаСадыр Жапаровдун четке кагылган чечимиПарламент депутаттарынын жыйынында кворум чогулган жокОтунбаева президент менен парламентти абалды жөнгө салууга жардам берүүгө чакырды Сооронбай Жээнбеков: эч бир тарап сүйлөшүү үчүн аянтча сунуштай элек