Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулууга аракет кылышууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин 30га жакын депутат парламенттин бир бөлүгү спикер катары шайлаганын жарыялаган Мыктыбек Абдылдаев менен жолугушту. Жолугушууда парламенттин толук жарамдуу кезексиз жыйынын чакыруу, анын жүрүшүндө легитимдүү өкмөт башчыны бекитүүнүн жол-жобосу талкууланган.
Нурбаев элдик ишенимдеги өкмөттүн башчысын шайлоо ачык-айкын өтүшү керек деп эсептейт. Учурда Абдылдаев башка депутаттар менен кеңешкени кетти.
«Бардык аймактарда башаламандык болуп, тараптар өз кызыкчылыгына колдонууга аракет кылып жатышат. Ушундай кыйын мезгилде өлкөбүз кризистен алып чыга турган башчыга муктаж болуп турабыз. Депутаттарды тез арада чогулууга чакырат элем. Мыйзам алкагына кайтып келишибиз керек. Өлкөбүздү сактап калалы», - деди Нурбаев.
Ал ортодо Өкмөт Үйүнүн имаратында бир нече партиянын мүчөлөрү жана активисттер жыйын өткөрүштү. Анын жүрүшүндө парламентте чукул жыйынга чогулуп, өкмөттү куроого чакырышты. Бул жыйында партиялардын жана жаштардын атынан премьер-министрликке талапкер катары активист Тилек Токтогазиевди сунуш кылууну чечишти.
Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө талап менен башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын ээлеп алышкан.
Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбеков Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек.
Андан бери өлкөнү мыйзам алкагына кайтарыш үчүн Жогорку Кеңештин чукул жыйынын өткөрүлөрү айтылган. 6-октябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасында бир нече депутат жыйынга чогулуп, парламент төрагасын алмаштырып, премьер-министрликке жаңы талапкер сунуш кылганын жарыялаган. Бирок бир катар депутаттар бул чечимдер легитимсиз экенин айтышууда.
Дагы караңыз
Стамалиева: Президент БишкектеБУУ Кыргызстанда чет элдик инвесторлордун ишканаларына кол салуу жөнүндө кабарларга кабатыр