БУУ Кыргызстанда чет элдик инвесторлордун ишканаларына кол салуу жөнүндө кабарларга кабатыр

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков(оңдо) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өлкөдөгү өкүлү Озонниа Ожиелону (солдо) кабыл алды. Бишкек шаары. 7-октябрь, 2020-жыл.

Бүгүн, 7-октябрь күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) өлкөдөгү өкүлү Озонниа Ожиелону кабыл алды. Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, Озонниа Ожиело Кыргызстандагы кырдаалга БУУ тынчсыздануу менен көз салып турганын билдирди.

Анын сөзүнө караганда, уюм өзгөчө чет элдик инвесторлордун ишканаларына кол салууга кабатырланууда. Озонниа Ожиело Кыргызстан тез арада тынч сүйлөшүү аркылуу мыйзам жолуна түшүшү зарыл экенин белгиледи. Ал ошондой эле эгер зарылчылык болсо БУУ Кыргызстандын президентинин, Жогорку Кеңешинин жана башка саясий күчтөрдүн диалогу үчүн аянтча түзүп берүүгө даяр экенин билдирди.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кырдаалдан эртерээк чыгуу кыргыз өкмөтүнө COVID-19 вирусуна каршы күрөш, Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүү, социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерин чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты. Министр аларды чечүүдө БУУнун колдоосуна үмүт артарын билдирди.

7-октябрь күнү БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстандагы кырдаалга кабатырлыгын билдирген. Ал саясий кризистен чыгыш үчүн бардык тараптарды тынч сүйлөшүүгө, Конституциянын чегинде кырдаалдан чыгыш үчүн мунасага келүүгө үндөгөн. БУУ учурда түзүлгөн абалдан тынчтык жолу менен чыгыш үчүн бардык аракеттерди колдоого, анын ичинде уюмдун Борбор Азиядагы алдын алуу дипломатиясы боюнча аймактык борбору аркылуу көмөктөшүүгө даяр экени кабарланган.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылык акциялары 5-октябрда Бишкекте башталып, жалпы Кыргызстандын аймагына жайылган. Бишкектеги нааразылык учурунда бир адам набыт болуп, 100дөн ашуун адам жаракат алганы кабарланган. Ичинде полиция кызматкерлери да бар.

6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга кол салынып, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Чаткалдагы Терек-Сай алтын кени 6-октябрдан тартып ишин токтотту. Ишкананын жетекчилигине жергиликтүү элдин бир тобу барып, азыркы кырдаал жөнгө салынгыча кен казууну токтотууну талап кылган, ишкерлер ага макул болду. Терек-Сай алтын кенине Түркиялык «Eti bakir» компаниясы 180 миллион доллар инвестиция салып, пайдубалы түптөлгөн.

Ала-Букадагы «Full Gold Mining» алтын компаниясы да 6-октябрда ишин убактылуу токтотту. Иштамберди алтын кенине кытайлык «Full Gold Mining» компаниясы жалпысынан 112 миллион доллар инвестиция салуу милдетин алган. (ZKo)

Дагы караңыз

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттарынын жолугушуусу өтүп жататАксыдагы чатакта алты киши жабыркадыПремьер-министрликке көрсөтүлгөн талапкерлер көбөйүүдөОш шаарынын мэри кызмат ордуна кайтып барганын билдирдиПрезидент Жээнбеков элге экинчи жолу кайрылдыАзербайжан менен Армения мунай кууру боюнча кайым айтыштыРавшан Жээнбеков: Саясатчылар акылына келбесе, өлкө бандиттик топтордун колуна түшөтПутин Кыргызстандагы абалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды