Элдик координациялык кеңеш Садыр Жапаровдун талапкерлигине каршы чыкты

Темирбек Асанбеков.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар: «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Ыйман Нуру», «Ордо» жана «Реформа» партиялары түзгөн Элдик координациялык кеңеш өкмөт башчынын ордуна Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлүшүнө каршы. Бул тууралуу аталган кеңештин мүчөлөрү бүгүн, 7-октябрда басма сөз жыйынын өткөрүп, журналисттерге билдиришти. «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын лидери Темирбек Асанбеков Садыр Жапаров бул кызматка келүүгө моралдык акысы жок деген оюн ортого салды:

«Садыр Жапаров алтынчы чакырылыштагы депутаттар менен тымызын чогулуп алып, өзүн өкмөт башчылыкка көрсөттү. Булардын өкмөтүнө биз каршыбыз, эл каршы чыгат. Ошондуктан, биз аларга «саясий принциптерди бузуп жатасыңар, токтоткула, элдин аң-сезимин адаштырып, тополоңго алып барууну токтоткула» деп талап кылдык. Биздин Координациялык кеңеш азыркы өкмөт иштей берсин, коопсуздукту сактап берсин деп сунуш кылып жатабыз».

4-октябрда Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн. 16 партия катышкан шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин ага нааразы болгон 12 партиянын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Кечинде милиция митингчилерди кууп таратууга аракеттенген.

Бишкектин көчөлөрүндө топ-топ болуп жайылган митинчилер менен милициянын кагылышуусу болгон. 6-октябрга оогон түнү митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан.

6-октябрда нааразы болгон партиялардын ичинен сегиз партия өзүнчө Координациялык кеңеш түзгөн. Ага «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров төрагалык кылат. (ZKo)

Дагы караңыз

Улуттук банк акча которууну убактылуу токтотууну сунуш кылдыЕвробиримдик Кыргызстандагы саясий күчтөрдү мыйзамдуулукка чакырдыАлайда жер титиредиБУУ Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салууда ортомчу болууга даяр Бекешев: Депутаттардын отурумунун чечими мыйзамсызБишкекте башаламандык учурунда 11 автобус зыян тарттыМитинг учурунда жараат алган жети кишинин абалы оор