Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын маалыматына караганда, 5-октябрдагы массалык башаламандык учурунда 11 автобус талкаланды. Негизинен алардын эшик-терезелери сындырылган.
7-октябрда коомдук транспорт ишин жандантты. Бүгүн каттамга 112 троллейбус, 105 автобус жана 650 кичиавтобус чыгып, эл ташууга киришти.
7-октябрга караган түнү Бишкекте белгисиз адамдар талоончулук кылууга аракеттенишкен. Аларга элдик кошуундун ыктыярчылары менен милиция кызматкерлери жол берген эмес.
4-октябрда Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн. 16 партия катышкан шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жарыялангандан кийин ага нааразы болгон партиялардын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Кечинде милиция митингчилерди кууп таратууга аракеттенген. Бишкектин көчөлөрүндө топ-топ болуп жайылган митингчилер менен милициянын кагылышуусу болгон.
6-октябрга оогон түнү митингчилер президент менен парламент отурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Алардын айрымдары коррупция үчүн айыпталып, абакка кесилген экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиевди бошотушкан. Атамбаев менен кошо айыпталган саясатчылар жана мурдагы депутат Садыр Жапаров да түрмөдөн чыккан. (ZKo)
Дагы караңыз
Бишкекте абал таңга маал турукташтыМитинг учурунда жараат алган жети кишинин абалы оорЭкс-мэр Мелис Мырзакматов Ошко кайтып келдиСадыр Жапаров өкмөт башчылыкка көрсөтүлдүСооронкулова Жапаровду өкмөт башчылыкка талапкерлигин көрсөтпөй турууга чакырдыБайсалов эл аралык медианы Кыргызстандагы кызматтык дайындоолор тууралуу расмий жазбоого чакырды