Өкмөттүн мүчөлөрү мыйзамдарды сактоого чакырып, Кыргызстандын жарандарына кайрылышты. 6-октябрда чыккан кайрылууда алар мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин үзгүлтүксүз ишин, коомчулуктун коопсуздугун, экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу жана ишкерликти улантуу үчүн мыйзамдарды сактоого чакырган.
"Өз кезегинде биз өзүбүзгө жүктөлгөн милдеттерибизди аткарууну улантабыз" деп жазылган кайрылууда.
Өкмөттүн басма сөз кызматы өкмөт толук курамы менен, премьер-министр өз ордунда иштеп жатканын маалымдады.
Бүгүн түшкө чейин өкмөт өзгөчө режимде иштеп жатканы кабарланган.
5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду.
6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, Өкмөт үйүн, УКМКнын имаратын басып алышты. Бир катар күч кызматтарынын жетекчилери алмашканы кабарланды. Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы өкмөттүн өкүлдөрү кызматтан кетүү тууралуу арызын жазышты. Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан. Сегиз саясий партия координацияык кеңеш түзүшкөн.
6-октябрь күнү түштөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.
Президент Сооронбай Жээнбеков 6-октябрда "YouTube" аркылуу видео кайрылуу жасап, соңку окуяларды шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалады. (ZKo)
Дагы караңыз
Кыргызстан эл ассамблеясы бардык күчтөрдү мыйзам жолуна чакырдыБШК: Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечими чыктыФизика боюнча Нобел сыйлыгын Ааламды иликтеген окумуштуулар алды Кыргызстанды укуктук талаага кайтаруу үчүн Координациялык кеңеш түзүлдүЖаштар люстрацияны талап кылуудаШыкмаматов: Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болгон жокмун