Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы "Full Gold Mining" алтын компаниясына убактылуу ишин токтотту. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн райондогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Бектур Сагынбаев маалымдады.
Аталган компанияга айрым адамдар барып, ишин токтотууну талап кылышкан. Учурда райондук администрацияга окуяны териштирип аныктоо үчүн адамдар кеткен.
Иштамберди алтын кени 2008-жылы кытайлык "Full Gold Mining" компаниясына берилген. Келишимге ылайык, аталган компания жалпысынан 112 миллион доллар инвестиция салуу милдетин алган.
Буга чейин Чаткал районунун Терек-Сай шаарчасындагы алтын кенин иштеткен түркиялык компания жергиликтүү элдин талабы менен кен казуу иштерин токтоткон эле.
Ал арада Таласта Жерүй алтын кени өрттөнүп жатканы маалым болду. (TB)