Ошто "Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкери сабалды

Ош шаары. 2020-жылдын 6-октябры.

Ош шаарындагы борбордук аянтта "Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкери, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов сабалды.

Ал трибунага чыгып сүйлөгөндөн кийин бийликке нааразы топ ур-токмокко алган. Белгисиз адамдар аны жеке үйлөрдүн бирине алып кирип кетишкен.

Ош шаарынын борбордук аянтында митинг уланууда. Алгач бул иш-чарага жүзгө жакын адам чогулуп, алардын алдына Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков чыгып сүйлөгөн. Ал мыйзамдуу жол менен шайланган президентке жана парламентке баш ийүү керектигин белгилеген.

Кийинчерээк митингде бийликке каршы сөздөр айтылып, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы коюла баштады.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өттү. Анын жыйынтыгы менен "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы жети пайыздык босогодон өткөн төрт партиянын экинчиси болду.

5-октябрда Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы партиялар митинг өткөрүп, натыйжада митингчилер президенттин жана парламенттин кеңсесин, УКМКнын имаратын басып барышкан.

Президент 6-октябрда видеокайрылуу жолдоп, шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети болгонун айтты. (DU)

Дагы караңыз

Депутат Нурбаев парламент мүчөлөрүн тез чогулууга чакырдыДепутаттар Оштун мэрине ишеним көрсөтүшкөн жокУлуттук банк менчик банктарды ишин токтотууга чакырдыМитингде каза болгон адам 19 жаштагы жигит болгон Аянттагы митинг, чечилбеген кризис