Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канат Мүсүралиев мэр алмашпаганын билдирди. Анын айтуусунда бүгүн шаардык кеңеш жыйынга чогулат.
"Азыр чогулабыз. Ошондо баары белгилүү болот,"- деди. Канат Мүсүралиев мэр Азиз Суракматов менен бир ай мурда, шайлоого чейин жолукканын, андан бери көрбөгөнүн билдирди.
5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Бир катар күч кызматтарынын жетекчилери алмашканы кабарланды.
Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарындагы өкмөттүн өкүлдөрү кызматтан кетүү тууралуу арызын жазышты.
Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан. (TSh/ZKo)
Дагы караңыз
Ошто "Азаттыктын" кабарчысына кол салуу болду (видео)Асылбек Жээнбеков: Президент өзүнүн легитимдүү укуктарын колдонот Өкмөттүн Нарын, Талас жана Ысык-Көлдөгү өкүлдөрү, айрым жетекчилер кызматтан кетүү арызын жазыштыЖалал-Абад шаардык мэриясынын алдына эл чогулуп жататТүнкү митингде жаракат алган бир адам каза болдуОшто Жээнбековдун тарапкерлери митингге чыгыштыСтамалиева: Кырдаал президент Жээнбековдун көзөмөлүндө