Жалал-Абад шаардык мэриясына адамдар тобу түнкү саат 3.00 чамасында кирип алган. Ал эми таңкы саат 5те милиция келип имаратты бошоткон. "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, учурда мэрияны күч органдарынын өкүлдөрү кайтарып турат.
Топтолгон адамдардын мэрияга кирүү боюнча аракети ишке ашкан жок. Алар шаар бийлигин элге тынчтык жолу менен өткөрүп берүүнү талап кылышууда.
5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду.
6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКны басып алышты.
Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы партиялар 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялашкан.(TB/ZKo)
Дагы караңыз
Ошто Жээнбековдун тарапкерлери митингге чыгыштыСуваналиев: Бир да аткаминерди сыртка чыгарбайбыз Түрмөдөгү Садыр Жапаровду аянтка алып келишти (видео)Ак үйдө өрт чыктыМурдагы премьер-министр Сапар Исаков абактан чыктыСаясатчы Равшан Жээнбеков абактан чыктыСадыр Жапаров элди аянттан тарап кетүүгө чакырдыЖанарбек Акаев: Тезинен координациялык кеңеш түзүш керек