Саясатчы Равшан Жээнбеков абактан чыкты

Равшан Жээнбеков.

Бул тууралуу анын уулу Азат Равшан “Твиттерге” жазды. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган.

Мунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы депутат Садыр Жапаров да абактан бошотулган.

5-октябрда бир нече миң адам парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык иретинде Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулган. Жоон топ элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агыза турган газ, желим ок, кулак тундуруучу граната ыргытып, таратууга аракет кылган. Милиция менен кагылышуулар митингчилердин Ак үйдүн имаратына кирип келиши менен жыйынтыкталды.

Президент Сооронбай Жээнбеков «бардык саясий күчтөр өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту сактап каларына ишеним» билдиргенин «Азаттыкка» анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева айтты.