Бишкектеги болуп жаткан окуялар тууралуу Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Акылбек Жапаров «Азаттыкка» пикирин билдирди.
Ал фракция лидери Алтынбек Сулайманов менен азыр эле сүйлөшкөнүн, 6-октябрда парламент кезексиз отурумга чогулуп, түзүлгөн кырдаалды талкуулоо маселеси каралып жатканын кабарлады.
«Биз мындай кырдаалды мурда да башыбыздан өткөргөнбүз. Азыр бийликтин вакууму болбош керек. Эгерде президент өлкөдөн кетип калбаса аны менен чогулуп, кайра шайлоону белгилөө зарыл. Кайра шайлоо мыйзам боюнча 45 күндүн ичинде болот. Өзүбүз күбө болгондой Борбордук шайлоо комиссиясы, өкмөт 4-октябрдагы парламенттик шайлоону өткөрө алган жок. Андыктан легитимдүү бийлик үчүн митингчилер макул болсо, шайлоо кайра жарыяланат. Тараптар кеңешип өкмөт менен президенттин ишин улантуу маселеси да каралат. Эгер президент өлкөдөн кетсе, анын ордуна Жогорку Кеңештин төрагасы милдетин аткарышы керек», - деди Жапаров.
5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКны басып алышты. Азыркы тапта Ала-Тоо аянтында оппозициячыл партиялардын митинги уланууда. (BCh)