Президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттик шайлоого катышкан партиялардын лидерлери менен жолугушуусу саат эртең менен 9да өтмөй болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин жолугушуу саат 11де өтөрү кабарланган.
Жолугушууга бардык 16 партиянын лидерлери чакырылды. Азырынча лидерлер президент менен жолугушууга барар-барбасы боюнча айтыша элек.
«Республика» партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев бул боюнча азырынча чечим кабыл ала элек экенин «Азаттыкка» билдирди.
Дагы караңыз
Оппозиция жаңы шайлоону талап кылдыЖаштардын үмүтүн үзгөн шайлооКүч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элек