Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна партиянын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди. Ал ошондой эле «Биримдик» буга 7% босогодон өткөн бардык партияларды чакырарын кошумчалады.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда, 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан.
Шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген 12 партия Бишкекте мөөнөтсүз митинг өткөрүп жатышат. Алар шайлоонун кайра өткөрүлүшүн талап кылышууда. Бишкекте башталган нааразылык акциялары милиция кызматкерлери менен кагылышка айланды.
Дагы караңыз
Президент менен партия лидерлеринин жолугушуусу cаат 9га жылдыДепутат Элвира Сурабалдиева күч түзүмдөрүнүн аракетин айыптадыБишкекте 120дан ашык адам ооруканага түштү