Бишкекте 120дан ашык адам ооруканага түштү

Бишкекте саат 24:00гө карата 120дан ашык адам жаракат менен ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуялар учурунда каза болгондор жок. Ал эми Бишкектеги Улуттук травматология жана ортопедия борборуна 65 адам түшкөн, анын кыркы күч органдарынын кызматкерлери. Эки бейтап реанимацияга жаткырылды.

Улуттук госпиталга 40 жабырлануучу кайрылып, экөө башынан жаракат алып, реанимацияга түштү. Улуттук хирургия борборуна жети бейтап кайрылды.

Ошондой эле Бишкекте «Тез жардам» кызматынын фелдшерине кол салуу болуп, ооруканага түштү. Эки «Тез жардам» машинеси талкаланды.

Бүгүн Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери акцияга чыгышкан. Кечке жуук милиция акциянын катышуучуларын күч менен таратып, ортодо кагылыш чыкты. Учурда баш калаанын борбордук бөлүгүндө кагылыштар уланууда.

Буга чейин жараат алгандардын арасында парламент депутаты, «Ата Мекен» партиясынан талапкер Жанарбек Акаев, мурдагы экономика министринин орун басары Элдар Абакиров бар.(BkA)

Дагы караңыз

«Биримдик» партиясы кайра шайлоо жарыяланса катышууга даярПрезидент менен партия лидерлеринин жолугушуусу cаат 9га жылдыДепутат Элвира Сурабалдиева күч түзүмдөрүнүн аракетин айыптадыБишкек: милиция менен демонстранттардын кагылышы уланууда