«Ата Мекен» партиясынын штабынан Жанарбек Акаев медициналык жардам алгандан кийин кайра аянтка кайтып бара жатканын маалымдады.
Аталган партиянын мүчөлөрү митингдин катышуучуларын таркап кетпөөгө чакырууда. Буга чейин Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митингди таратууда «Ата Мекен» партиясынын талапкери, депутат Жанарбек Акаев жараат алганын анын жардамчысы Орозбек Муратов билдирген.
Аянтка чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, желим ок, үндүү граната, суу чачып таркатууда.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жаткан. (BCh)
Дагы караңыз
ИИМ: Митингди атайын каражаттарды колдонуу менен таркатууга туура келдиАбдрахматова: арыздардагы маалыматтар аныкталса шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылышы мүмкүнБишкекте милиция кызматкерлери менен демонстранттар кагылышты Аянттагы кагылышууда 16 адам жараат алганы кабарландыФеликс Кулов: Митингге чыккандарга каршы чагымчылар иштеди