Бишкекте милиция кызматкерлери менен демонстранттар кагылышты

Бишкек, 5-октябрь, 2020-жыл.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында акцияга чыккан адамдар тобу менен милиция кызматкерлери кагылышты.

Окуя болгон жерде жүргөн «Азаттыктан» кабарчылары адамдар тобу милиция кызматкерлерин кубалап, Киев жана Токтогул көчөлөрүнөн борбордук аянтка чейин сүрүп келишкенин маалымдап жатышат.

Токтогул менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Нават» ресторанынын алдында жарым саат мурун автоунаа өрттөнгөнү кабарланды. Журналисттер көздөн жаш агызуучу газ чачылганына байланыштуу аянтта дем алуу мүмкүн болбой жатканын айтышууда.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, бүгүн «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери митингге чыгышкан. Митингде шайлоодо жети пайыздык босогодон өтпөй калган 12 партиянын БШКдан шайлоо тыянагын жокко чыгарып, жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылган билдирүүсү жарыяланган.

Митингдегилер аянттан күч менен кууп таратылган. (NT)

Дагы караңыз

Күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элекСаламаттык сактоо министрлиги: Күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери жарадар болду Текебаев: БШК шайлоонун жыйынтыгын бекитпеши керекАла-Тоо аянты митингчилерден бошотулду