ИИМ: Митингди атайын каражаттарды колдонуу менен таркатууга туура келди

Бишкек. 2020-жылдын 5-октябры.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкектин Ала-Тоо аянтында өткөн митингди таркатуунун себебин түшүндүрдү. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта төмөнкүлөр айтылды:

«ИИМ тынч тарап кетүүгө чакырган. Бирок митингдин катышуучулары жана уюштуруучулары коомдук тартипти бузуп, Чүй проспектиндеги кыймылды бууганга аракет кылышты. Андан ары Жогорку Кеңештин имаратын курчаган темир дарбазаны агрессивдүү түрдө сындырууга аракет кылышты. Таш ыргытып, дарбазадан ашып кирүү аракетин көрүштү. Жарандардын коопсуздугун сактоо, шаардыктардын тынчтыгын бузбоо максатында митингге катышкандарды газ жана кулак тундуруучу атайын каражаттарды колдонуу жана суу бүрккөн автомашиналарды пайдалануу менен таркатууга туура келди. Уюштуруучуларды жана партиянын лидерлерин митингге катышкандарды үйүнө толук таратып кетирүүгө дагы бир жолу чакырабыз. Учурда Бишкек шаарында коомдук тартип орнотуу максатында милиция кызматы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөдө».

Буга чейин ИИМ аянтта чогулгандарды тарап кетүүгө чакырып, митингчилер арасында спирт ичимдиктерин ичип алгандар бар экенин белгилеген.

Жарандардын ден соолугуна коркунуч жаралса же дагы башка жагымсыз окуялар болуп кетсе жоопкерчилик митингдин уюштуруучуларында, тактап айтканда бир канча партия лидерлеринде жана алардын активдүү мүчөлөрүндө болорун эскерткен.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, ага 16 саясий партия катышкан. Жети пайыздык босогодон «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары өттү.

5-октябрда Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жана жаңы шайлоо өткөрүүгө чакырган митинг өттү. Анда шайлоого катышкан 12 партия БШКдан шайлоону жокко чыгарууну талап кылган билдирүү кабыл алышканы айтылды.

Митингчилер шайлоодо добуш сатып алуу өтө көп болгонун, шайлоочулар коркутуп-үркүтүүгө кабылганын айтып, бул үчүн бийликти сындап жатышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо бардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк берилгенин айтты. Өкмөт мыйзам бузуу фактылары катталганын, бирок алар жалпы жыйынтыкка таасир эте албай турганын билдирди.

Соңку маалыматка караганда, митингчилерди таркатуу операциясы учурунда бир нече адам жараат алды. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев да бар.(RK)