ЕККУ Кыргызстандагы шайлоо боюнча байкоосу менен бөлүштү

Кыргызстандагы шайлоо.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо жалпысынан жакшы өттү жана талапкерлер эркин үгүт өнөктүгүн жүргүзө алышты, бирок добуштарды сатып алуу боюнча ишенимдүү айыптар олуттуу тынчсызданууну жаратат.

Бул тууралуу Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна (ЕККУ) караштуу Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюронун байкоочулары 5-октябрда билдиришти.

«Биз оңой эмес шартта өткөрүлгөн кызуу үгүт өнөктүгүн көрө алдык, айрым учурда өнөктүктүн маанайы курч болду. Өнөктүктү сынчыл чагылдыруу тарабы өкүнттү, анткени анын көбү акча төлөнгөн жарнама иретинде болду. Бул шайлоочуларга жеткиликтүү маалыматтын сапатын төмөндөттү», - деп айтты Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюронун чектелүү миссиясынын жетекчиси Томас Бозеруп.

Бюронун шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча Кыргызстандагы миссиясынын иши 4-сентябрда башталган. Ал шайлоонун эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга канчалык шайкеш өткөрүлгөнүн баалайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) баштапкы маалыматына караганда, 4-октябрдагы шайлоодо төрт партия: «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7% босогодон өттү. Шайлоого жалпысынан 16 партия катышкан.

Шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген 12 партия Бишкекте мөөнөтсүз митинг өткөрүп жатышат. Алар шайлоонун кайра өткөрүлүшүн талап кылышууда.