Адахан Мадумаров: Жеңдик деп айтууга ооз барбайт, бийлик арамдык менен аралашып кетти

Адахан Мадумаров.

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы Кыргызстанда парламенттик шайлоо учурунда мыйзам бузуу «кадам сайын катталганын, бирок ага көңүл бурган бийлик жана жергиликтүү жетекчилик болбогонун» билдирип чыкты.

5-октябрда партиянын лидери Адахан Мадумаров тарапташтарына видео аркылуу кайрылып, колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди жана «же кубанарын, же кайгырарын, же өкүнөрүн билбеген аралаш сезимде» болуп жатканын айтты.

Мадумаров күрөш партиялардын эмес, «чындык менен жалгандын ортосунда жүргөнүн, таразанын экинчи жагында акча жана азгырык турганын, туңгуюк, караңгылык жана арамдык жеңип кеткенин» белгиледи:

«Бүтүн Кыргызстандын» жеңиши жалпы улуттун, мамлекеттин жеңилишинин алдында түккө турбаган нерсе. Бул күрөштө бийликтин орду кандай болду? Бийлик накта арамдык менен аралашып кетти. Бийликтин соңку мезгилде жүргүзгөн эң ыплас, эң мыйзамсыз, туура эмес шайлоосу кечээ өттү десек тарыхтын да, элдин да алдында жаңылышпаган болобуз. Өз мамлекетине, калкына кыянаттык менен өткөн шайлоо болду».

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өттү. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы жети пайыздык босогодон өтө алган төрт партиянын катарына кирди.

Шайлоого жалпысынан 16 саясий партия катышкан. Бүгүн 5-октябрда аларын айрымдары шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган нааразылык акцияларын өткөрүп жатышат. Алардын пикиринде, шайлоодо добуш сатып алуу, коркутуп-үркүтүү өтө көп болду.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоону таза өткөрүш үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгилөөдө. (RK)