Санэпидкөзөмөл: «WhatsApp» тиркемесинде «балдар ооруйт» деп таркап жаткан билдирүүлөр калп

Жапониядагы мектеп.

Бишкек шаардык санитардык көзөмөл департаментинин директорунун орун басары Мира Курманова бир нече күндөн бери «WhatsApp» тиркемеси аркылуу «мектептер ачылса балдар ооруйт, кошумча керебеттер Бишкек, Ош, Жалал-Абадда даярдалып жатат» деген мазмундагы билдирүүлөр жалган экенин билдирди.

Анын айтымында, август, сентябрь айларында балдар менен өспүрүмдөр арасында коронавирус жуктургандар катталганы менен катуу ооругандар болгон эмес.

Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев «Азаттыкка» балдардын ооруларын алдын алыш үчүн аймактарда жана баш калаада кошумча орундар даярдалып, дарылар алынып жатканын билдирген эле.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирусту 1200 бала жугузган. Алардын арасында өлүмгө учурагандар расмий катталган жок. (BCh)