Зулпукаров: «Биримдик» партиясына административдик кысым болду

«Биримдик» партиясынын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров 4-октябрдагы шайлоо курч өткөнүн, шайлоочулар активдүү катышканын билдирди. Ал ошондой эле шайлоодо утуп чыгарына ишенгенин, буга партия күчтүү команданы түзгөнү себеп болгонун айтты:

«Добуш берүүдө биздин партияга каршы административдик кысым колдонулду. Таласта, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларында бул байкалды. Биздин партиянын өкүлдөрү ага байланыштуу акт түзүп, шайлоо комиссиясына беришти. Эми ага кандай мамиле болот, көрөбүз. Мыйзам бузууну мыйзам чегинде чечиш керек».

Төрөбай Зулпкукаров «түрдүү бут тосууга, партияны жаманатты кылуу аракеттерине карабай, ишеним артып, шайлап берген» шайлоочуларына ыраазычылык билдирди.

Баштапкы маалыматтар боюнча 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы эң көп (24,5%) добушка ээ болду. Андан кийин «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,7%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,0% алып, жети пайыздык босогодон өттү.

«Мекенчил» партиясында добуштардын 6,8%, «Республикада» 5,8%, «Ата Мекенде» 4,0%, «Ыйман Нурунда» 3,3%, «Бир Болдо» 3,0%, «Чоң Казатта» 2,3%, «Замандашта» 2,1%, «Социал-демократтарда» 2,1%, «Реформада» 1,6%, «Мекен Ынтымагында» 0,6%, «Ордодо» 0,2% жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында» 0,1% бар. Шайлоочулардын 1,8% баарына каршы добуш беришти.

«Ата Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Реформа», «Замандаш», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат» саясий партиялары шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдиришти. Алар «шайлоо администраивдик ресурстун жана акчанын күчү менен өтүп, калыс тандоого мүмкүнчүлүк болгон жок» деп жатышат. (ZKo)

Дагы караңыз

Лондон жана Стамбулда “Реформа” партиясы алдыга чыкты“Ыйман Нуру”: Макул эмес экенибизди кескин көрсөтүшүбүз керекАзербайжан ракеталык аткылоо үчүн Арменияны күнөөлөдү Москвада «Бүтүн Кыргызстан» ат чабым алдыга чыкты«Реформа»: шайлоону тааныбайбыз, бийлик легитимсизОппозиция 5-октябрда элди митингге чыгууга чакырды«Бир Бол» шайлоо жыйынтыгын тааныбайт«Замандаш» шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирдиБШК: Шайлоонун жыйынтыгына ишендире турган бардык каражаттар камсыздалды