Жалал-Абад шаарындагы №2101 шайлоо участогунда үч мыйзам бузуу фактысы катталды. Анын ичинен бирөөнү добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салып турган байкоочулар кармап акт түзүп калышкан.
Бул маалыматты «Азатыкка» байкоочу Туратбек Кубатбеков ырастады.
«Үч адам добуш берүү учурунда бюллетенин сүрөткө тарткан. Байкоочулардын байкап калышынан улам эки шайлоочу телефондогу сүрөттү өчүргөнгө жетишкен. Үчүнчүсү кармалып, акт түзүлүп, милицияга өткөрүлүп берилди», - дейт байкоочу.
Жалал-Абад облусу боюнча саат 14:00гө чейин шайлоочулардын 32% добуш берди.
Кыргызстанда саат 14:00гө карата 990 492 адам добуш берди. Бул каттоого алынган жалпы шайлоочулардын 28% түзөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда Ош шаарынын шайлоочулары эң активдүү болууда. Шайлоочулардын 35% добуш берди. Ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл облусунда байкалып, шайлоочулардын 25% келди.
Бишкекте шайлоочулардын 27% добуш берди.
4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештеги 120 мандат үчүн 16 саясий партиядан эки миңден ашуун талапкер ат салышууда. (TB)
Дагы караңыз
«Клооп» шайлоо күнү Ошто кабарчысына кол салуу болгонун кабарлады (видео)БШК Алайда, Чоң-Алайда жашабаган башка улуттардын өкүлдөрү добуш берип жатканын төгүндөдүБШК белги коюлган беткап маселесин аныктоо иштерин жүргүзүп жататАКШ: Трамптын мурдагы кеңешчиси жана эки сенатордон коронавирус табылды«Республика» партиясы Ош ОИИБнин маалыматын төгүндөөдөНарында саат 10го карата шайлоочулардын 10% жакыны добуш бердиЖалал-Абаддагы аскердик бөлүктүн жоокерлери коронавируска кабылды