Республикалык штабдын сall-борборуна 50дөн көп киши телефон чалды

Республикалык штабдын сall-борбору.

4-октябрь, саат 10:30га карата шайлоо өткөрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борборуна 52 киши телефон чалды. Өкмөттүн маалыматына караганда, шайлоочулар негизинен санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталбай жатканына жана өздөрүн тизмеден таба албай жатканына нааразы болуп чалышкан.

Өкмөт үйүндө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын call-борбору эртең мененки 8:00дөн баштап иштеп жатат. Кечки 20:00гө чейин телефон аркылуу маалыматтарды кабыл алат.

Шайлоочулар электр жарыгынын, Интернеттин жоктугу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар беткап режимин, санитардык ченемдерди сактабай жатканы жана башка мыйзам бузуу болсо ишеним телефондоруна чалса болот.

Ишеним телефондору: (0312) 66 28 58, 62 51 19, 66 28 51, 96 14 54, 96 03 11, факс (0312) 66 61 97.