«Мегаком» өз кызматкерлерин ташып добуш бердирип жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү

Шайлоо маалындагы мыйзам бузууну каттаган борбор.

«Твиттер» жана «Фейсбук» социалдык тармактарынын айрым колдонуучулары «Мегакомдун» жетекчилиги өз кызматкерлерин Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы, Люксембург айылындагы шайлоо тилкелерине ташып барып, «Биримдик» партиясына күчтөп добуш бердирип жатканын жазып жатышат. Бул компаниянын басма сөз катчысы Жумгалбек Өмүрканов мындай маалыматтарды төгүндөп, бул «Мегакомдун» мурдагы директору, «Биримдик» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Акылбек Жамангуловду каралаш үчүн атайын уюштурулган иш болушу мүмкүн экенин айтты.

4-октябрь - Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо күнүндө №2 форма менен добуш берүү атуулдар атайын автоунаалар менен ташылган учурлар катталууда. Бир топ шайлоо тилкелеринде ушундай кырдаал түзүлүп жатканын «Азаттык» радиосунун жер-жерлерде добуш берүүнүн жүрүшүн чагылдырып жаткан кабарчылары да билдирүүдө.

Буга чейин №2 форма менен добуш бериш үчүн 500 миңге жакын адам арыз жазган. Алардын ичинен 42 386 жаран бир канча жолу арыз бергенин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2-октябрдагы басма сөз жыйынында билдирген эле. 32 504 адам эки жолу, 5810у үч, 1967си төрт, 872си беш, үч адам 22 жолу №2 формасы менен добуш берүүгө арыз таштаган.

Парламенттик шайлоо күнүндө Кыргызстанда 2430 добушкана ачылган. Мындан тышкары 28 чет өлкөдө 45 участок, Москва менен Ош шаарларында кошумча добушканалар иштеп жатат. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына 16 саясий партия ат салышууда. (BCh)