Кытайда өмүр бою түрмөгө кесилген жарандардын жакындары казак бийлигине кайрылышты

Солдон оңго: Нагыз Мухамедулы, Нурлан Набиулы жана Толкын Согысайулы.

Казакстандын Алматы шаарында Кытайдын Шинжаң аймагынын Көктөгай уездинде өмүр бою түрмөгө кесилген үч кишинин туугандары жардам сурап бийликке кайрылышты. Алардын туугандары буга чейин бир нече жолу казак бийлигине кайрылуу жиберишкен. Президентке жана Тышкы иштер министрлигинин дарегине ачык кат да жазышкан. 2-октябрда алар Алматыдагы басма сөз жыйынында жакындарын коргоп берүүнү бийликтен суранышты.

Маалыматка караганда, быйыл 24-сентябрда Кытайдын бийлиги казак улутундагы Нурлан Набиулы, Нагыз Мухамедулы жана Толкын Согысайулы аттуу адамдарды өмүр бою эркинен ажыраткан. Туугандары алар «Казакстандагы улутчул уюмдар менен көп байланышта болгон», «Казакстандын эгемендигин майрамдаган», «Кытайдын бүтүндүгүнө коркунуч туудурган», «Казакстанга көчүп кетүүгө үгүттөгөн», «Казакстан менен көп байланышкан», «Оспан баатырды урматтаган» деген айыптар менен камалганын айтып жатышат.

Камалгандардын баары 1940-1951-жылдарда Чыгыш Түркстанда Кытай өкмөтүнө каршы улуттук көтөрүлүштү жетектеп, 1951-жылы Үрүмчүдө өлүм жазасына тартылган Оспан Исламулынын урпактары. Үчөө тең Кытайдын жарандары.

Бир катар Батыш мамлекеттери, эл аралык укук коргоо уюмдары Кытай бийлигин Шинжаңдагы мусулман азчылыктарын «саясий тарбия лагерлеринде» негизсиз камап турганы үчүн айыпташат. Буга чейин Кытайдан келген жүздөгөн казактар жана кыргыздар Шинжаңдагы туугандары лагерде эркинен тыш, катаал шартта кармалып турганын айтып, жардам сурашкан. Бээжин бул дооматтардын баарын четке кагып, сөз болгон жайларды «агартуучу борбор» деп атап келет.

Өткөн аптада австралиялык талдоо борбору өз иликтөөсүнүн жыйынтыгына таянып, Кытайдын Шинжаң аймагында мусулмандарды кармоочу жайлар мурда болжолдогондон кеңейип, кийинки жылдары да көбөйгөнүн маалымдаган. Ага чейин Бээжин ал жайларда кармалгандардын көбү бошотулганын билдирген.

Сентябрда АКШ Шиңжаңда өндүрүлгөн кытайлык товарларды алып кирүүгө тыюу салган.