Орусиянын Хабаровск шаарында мурдагы губернатор Сергей Фургалды колдогон кезектеги акция уюштурулду.
2-октябрда жарандар "Путин бизге керек эмес!" - деген чакырык менен жүрүшкө чыгышты. Уюштуруучулар жаанчыл аба ырайына карабай, миңдей адам акцияга катышканын кабарлашты. Мэрия болсо беш жүздөй киши болгонун маалымдады.
Хабаровскидеги каршылык акциялары Сергей Фургал 15 жыл мурдагы киши өлтүрүү ишине байланыштуу айыпталып, 9-июлда камалгандан кийин башталган.
Фургал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. Ал Орусиядагы «Бирдиктүү Орусия» партиясына мүчө болбой туруп, 2018-жылкы шайлоодо жеңип, кызматка келген саналуу губернаторлордун бири.
Дагы караңыз
Ошто адамдар бир үйгө добуш берүүгө чогулганы айтылган окуя боюнча БШК укук коргоо органдарына кайрылдыБШКга 360тан ашуун адам чалып мыйзам бузуулар тууралуу айттыЖурналисттер Ирина Славинанын өлүмүн иликтөөнү талап кылышты«Open Democracy» Алканованын айыбын ачтыТелетаймашта бийликчил партияга сын жаады