Дагы 128 адамдан коронавирус табылды, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда 3-октябрга карата 128 адамдан коронавирус табылды. Бир бейтап каза болду. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, ооруп жаткандардын 141и айыкты.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 47184 ​кишиге жетти. Алардын 43 278и сакайып, 1066сы жашоо менен кош айтышты.

Жаңы катталгандар:

  • Баткен облусунда - 38;
  • Ош облусунда - 33;
  • Бишкек шаарында - 22;
  • Жалал-Абад облусунда - 17;
  • Ош шаарында - 8;
  • Ысык-Көл облусунда - 6;
  • Чүй облусунда - 2;
  • Нарын облусунда - 2.

3-октябрга карата оору жаңы аныкталгандардын 10у - медицина кызматкерлери. Жалпы жонунан медицина тармагында иштеген 3304 адис вирус жуктурду. Алардын 3038и сакайды. 80ден ашууну көз жумду.

"Азаттыктын" подкаст сынагына келген баяндарды угуңуз

Карантинде үлпөт тойсуз баш коштукКоронавирустун айынан АКШга барбай калдымПандемия кыялымды кыйраттыПандемияда боорукер эл экенибизге ишендимЭлитага эч нерсе сезилбеди

Кытайдын Ухань калаасында 2019-жылдын декабрында чыккан коронавирус 188 мамлекетке тарады.

АКШнын Жонс Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, 3-октябрга карата дүйнөдө бул илдет жуккандардын саны 34 миллион 621 миңден ашты. Алардын 1 миллион 28 миңден көбү көз жумду, 24 миллиондон ашуун бейтап айыкты.

Оору эң көп тараган мамлекеттер:

АКШ - 7 332 285;

Индия - 6 473 544;

Бразилия - 4 880 523;

Орусия - 1 188 928.

Кыргызстанда ооруга кабылгандардын алгачкылары быйыл 18-мартта аныкталган. (SE)