Парламенттик шайлоо алдындагы жымжырттык күнү 3-октябрда эртең менен саат 8:00дө башталды. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул күнү партиялар жана талапкерлер үгүт иштерин жүргүзө албайт.
16 партия ат салышып жаткан шайлоо 4-октябрда өтөт. Добуш берүү үчүн 2475 тилке даярдалды, анын 35и чет мамлекеттерде.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) соңку маалыматына ылайык, добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554.
Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт.
Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар.
Жарышка аттанган партиялардын бюллетендеги орду төмөнкүдөй:
1. «Биримдик»
2. «Мекенчил»
3. «Ыйман Нуру»
4. «Мекеним Кыргызстан»
5. «Реформа»
6. «Ата Мекен»
7. «Замандаш»
8. «Бүтүн Кыргызстан»
9. «Социал-Демократтар»
10. «Мекен Ынтымагы»
11. «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери» саясий партиясы
12. «Ордо»
13. «Бир Бол»
14. «Республика»
15. «Кыргызстан»
16. «Чоң Казат»
Бюллетенде партиялардын тизмесинен тышкары «Баарына каршы» графасы да болот. (SE)
БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоого катышуу, добуш берүү эрежеси тууралуу кыска видеонускама даярдады: