2-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстан.

2-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;

Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 12…17;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 17…19 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 15…17° болот.