«Жалалабадэлектро» шайлоо күнү күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Зым карагайдын башындагы монтёрлор. Иллюстрациялык сүрөт.

«Жалалабадэлектро» 4-октябрь күнү шайлоо участкаларын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылыш үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул жөнүндө «Азаттыкка» «Жалалабадэлектро» ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады. Ишкананын маалыматына ылайык, компания облустагы 430 шайлоо тилкесин тейлейт. Ар бир участокко бирден электромонтёр бөлүнүп, шайлоо тилкеси өз ишин жыйынтыктаганча нөөмөттө турат. Мындан сырткары, ар бир көмөк чордондордо энергетиктер күзөттө болушат, ошондой эле район-шаарларда кошумча 53 көчмө топ түзүлүп, ыкчам аракеттер көрүлөт.

Жалпысынан шайлоо күнү «Жалалабадэлектро» ишканасынын 720 кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт.

4-октябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өтөт. Шайлоого 16 саясий партия ат салышууда. (TB)

Дагы караңыз

Тоолуу Карабакта атышуу уланууда КТРК: Телетаймаш учурунда жарыктын өчүшүнө Батыш РЭСиндеги кырсык себеп болгонЧехияда коронавирустан улам кайрадан өзгөчө абал жарыяланатБазар-Коргондо бакка тагылган электр зымдары боюнча маселе көтөрүлдү Ошто санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушу иликтене баштады Бийлик жемкорлукка каршы жаңыча күрөшөт