«Бир дүйнө - Кыргызстан - 2020» фестивалы быйыл онлайн форматта өтөт

«Бир дүйнө - Кыргызстан» фестивалында мыкты тасмаларга ыйгарылчу статуэтка.

Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын ХIV эл аралык фестивалы быйыл «Адамдар жана кырсыктар: коркунучтар кырсыктарга айланбашы үчүн кандай кылыш керек?» деген темада өтөт. Коронавирус пандемиясына байланыштуу фестиваль 2-октябрдан 6-ноябрга чейин онлайн форматта өтөт. Фестивалдын алкагында жергиликтүү жана эл аралык эксперттер менен бирге талкуулар жана чеберканалар уюштурулат. Иш-чаранын уюштуруучусу, «Бир дүйнө - Кыргызстан» коомдук фондунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, кырсык коркунучтарын азайтуу кырсык шартында жашап кетүү менен гана чектелбейт, алардын шартында жашоо-турмушун жакшыртуу жөндөмүн өнүктүрүүнү башкара билүү да кирет.

«2015-2030-жылдарга карата кырсык коркунучун азайтуу боюнча Сендай программасына бириккен мамлекеттер өнүгүү жалпы жарандардын мамилесинен көз каранды экенин таанышат. Ал өнүгүүгө умтулган топторду - аялдарды, майыптыгы бар адамдарды, балдарды жана жаштарды, улгайган адамдарды, улуттук топторду, жалпы эле бүтүндөй жарандык коомчулукту камтыйт. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш баяндамаларынын биринде өзгөчө глобалдык пандемиянын шартында туруктуу өнүгүү аракетинин зарылчылыгын баса белгилеген», - деди ал.

Кыргызстан БУУнун башка мүчөлөрү менен катар Туруктуу өнүгүүгө жетишүүнүн 17 максаты боюнча иш алып барат. «Бир дүйнө Кыргызстан - 2020» фестивалы мунун ичинен сегиз максатка арналган. Алар:

Чың ден соолук жана бейпилчилик;

Сапаттуу билим берүү;

Гендердик теңчилик;

Таза суу жана санитария;

Татыктуу жумуш жана экономикалык өсүш;

Тең укуктуулук;

Тынчтык, калыстык жана натыйжалуу институттар;

Туруктуу өнүгүүг умтулган шериктештик.

Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы 2007-жылдан бери өткөрүлүп келет. Фестиваль - адам укуктары жана эркиндиги боюнча өзөктүү темаларды көтөргөн жарандык платформа.(ZKo)

Дагы караңыз

Түркия менен Армениянын өз ара дооматтарыЭлТР «Азаттыктын» көрсөтүүсүн эфирге чыгаруудан баш тарттыОшто санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин бузулушу иликтене баштады Кара-Кечеге электр жарыгы берилдиЖарым миллиондой киши добуш бере албайтБазар-Коргондо бакка тагылган электр зымдары боюнча маселе көтөрүлдү Тоолуу Карабакта азери-армян аскерлеринин атышуусу уланууда