Эл аралык коомчулуктун атышууну токтотуу жөнүндө чакырыктарына карабай, Тоолуу Карабак аймагында Азербайжан менен Армениянын ортосундагы куралдуу кагылыш төрт күндөн бери уланууда. 30-сентябрда эки тарап тең чектешкен аймактарда атышуу уланып жатканын бышыкташты. Ошол эле учурда Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжал талаштуу аймактын чегинен чыгып, кадыресе согушка айланып кетүү коркунучу күчөп жатканын айткандар бар.
Азербайжандын Коргоо министрлиги «фронттун бардык тарабында аскердик аракеттер, атышуу токтобой жүрүп жатканын» кабарлады.
Армениянын Коргоо министрлигинин атайын өкүлү Шушан Степанян «Фейсбуктагы» баракчасына «учурда кагылышуу аймагында артиллериядан атышуу уланып жатканын» билдирди. Эки тараптан ондогон адамдар каза болгону кабарланды. Алардын ичинде жайкын тургундар да бар.
29-сентябрда кечке маал Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабактагы абалды чукул талкуулап, уюмдун баш катчысы Антонио Гутерриштин атышууну тезинен токтотуу боюнча чакырыгын колдоду. БУУ аймактагы абалды жөнгө салыш үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды.
Бирок Азербайжан менен Армениянын жетекчилиги тынч сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча сунушту четке кагып, бири-бирин чатактын ырбашы үчүн айыптап жатышат.
Азербайжан менен Армения 1980-жылдардын аягынан баштап Тоолуу Карабак үчүн тирешип келет. Азербайжандын аймагында болуп, негизинен армяндар жашаган бул аймак өз алдынча бөлүнүп чыкканын жарыя кылган. Дүйнөлүк коомчулук тааныбаган аймакта соңку 30 жылда бир нече жолу куралдуу кагылыштар болгон.
Акыркы жолу 27-сентябрдан тартып кырдаал курчуп жатат. Эки өлкө тең аскердик абал жарыялап, соңку кагылышты согуш деп аташты.
Окуганга кызыктуу
Шайлоо: Аравандын мурдагы акими мугалимдерди зекидиТүркия менен Армениянын өз ара дооматтарыЛидерлерди сынаган телетаймаш