Абхазиядагы өзбекстандык мигранттар Орусияга чыгарууну өтүнүштү

Абхазиядагы өзбек мигранттары.

Карантиндик чектөөлөрдөн улам Абхазияда калып калган өзбекстандык эмгек мигранттары мекенине кайтыш үчүн Орусия аркылуу транзит уюштуруп берүүнү өтүнүп жатышат. Миңдеген мекендештеринин атынан «Озодлик» радиосуна кайрылган мигранттар Абхазияда туристтердин жоктугунан улам жумушсуз жана акчасыз калышканын билдиришти. Алар өзбек өкмөтүнөн мекенине кайтууга жардам берүүнү өтүнүштү.

«Алты айдан бери чек аралар жабык болгондуктан, үйлөрүбүзгө кете албай жатабыз. Бизде мекенге кайтуудан башка маселебиз жок. Буга чейин бул жердеги тажиктер, кыргыздар жана армяндар үйлөрүнө кетишкен, өзбектер эле калдык. Азыр биз Орусиянын аймагы аркылуу гана кете алабыз. Бул маселе боюнча Өзбекстандын Орусиядагы консулдугуна телефон менен байланышууга мүмкүн болбой жатат», — деди өзүн Хайрулло деп тааныштырган мигранттардын бири.

Анын айтымында, туризмдин аркасы менен жашап келген Абхазияда азыр экономикалык абал кыйла начарлап кетти. Абхазияда Өзбекстандан барган эркектер негизинен курулушта, аялдар мейманканаларда иштешет.

Абхазиянын Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, өлкөдө көбүнчө Өзбекстандын, Тажикстандын жана Армениянын жарандары иштешет. 250 миңге жакын калкы бар бул республикада миңден ашык өзбек жараны мыйзамдуу иштейт. Айрым маалыматтар боюнча Өзбекстандын дагы ушунча эле жараны бул жерде мыйзамсыз иштеп жүрүшөт.

Буга чейин эл аралык «Human Rights Watch» укук коргоо уюму тиешелүү тараптарды өзбекстандык эмгек мигранттарынын мекенине кайтуусуна жардам берүүгө чакырган.

Дагы караңыз

«Ата-Бейиттин» сырын ачкан Бүбүйра апа 94 жаштаКлара Сооронкулова Райымбек Матраимов менен жолугушуусуна түшүндүрмө бердиБеларуста Tut.by сайтына тыюу салынганы кабарландыБашкы прокуратура Кадыр Атамбаевдин айткандарына жооп кайтардыЛидерлерди сынаган телетаймаш Тажикстан Тоолуу Карабактагы чатакты дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды