«Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова 29-сентябрда «Фейсбуктагы» баракчасынан түз эфирге чыгып, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен жолукканы тууралуу кенен маалымат берди. Ал 28-сентябрда Коомдук телеканалдагы дебатта Матраимов менен былтыр кезиккенин айткан.
Клара Сооронкулова Райымбек Матраимов менен журналист Элнура Алканова аркылуу, интервью алуу тууралуу сүйлөшүү үчүн жолукканын, Матраимов маектешүүгө макулдугун берип, бирок кийин айнып кеткенин айтты. Сооронкулованын айтымында Матраимов шайлоого чогуу барууну сунуш кылган, бирок ал баш тарткан.
«Мен ага: «Сиз жөнүндө канча маалымат кетип жатат, «Азаттыктын» иликтөөсү болду. Ошол иликтөөдөн кийин шайлоого кантип чыгасыңар?» - десем: «Мен абдан тазамын», - деди. Кийин аягында: «Таза болсоңор элге ошону далилдеп бербейсизби?» - деген сөз менен ал жолугушуу бүткөн», - деди Сооронкулова.
Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова парламенттик шайлоого «Реформа» партиясын жетектеп баратат. (ZKo)
Дагы караңыз
Беларуста Tut.by сайтына тыюу салынганы кабарландыБашкы прокуратура Кадыр Атамбаевдин айткандарына жооп кайтардыТажикстан Тоолуу Карабактагы чатакты дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырдыЛидерлерди сынаган телетаймаш Коронавирустун айынан Орусияда мектеп кайра жабылатАКШда президенттикке талапкерлердин телетаймашы башталат«Биримдик» партиясынын талапкери акча сунуш кылбаганын билдирүүдө