Ооганстанда жардыруудан 14 адам каза болду

Ооганстандагы жардыруулардын бири. Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Ооганстандын борбордук бөлүгүндөгү Дайкунди провинциясындагы жардыруудан кеминде 14 адам каза болду. Бул тууралуу ооган бийлиги кабарлады. Провинциянын губернаторунун атайын өкүлү Насрулла Горинин маалыматы боюнча, автоунааны жардыруудан сегиз аял, беш бала жана эки эркек курман болгон. Дагы үч адам жараат алган. Бул теракт үчүн эч кайсы уюм жоопкерчилик ала элек. Бирок өлкөнүн ички иштер министринин расмий өкүлү Тарек Ариан жардыруу үчүн «Талибан» кыймылын айыптады.

14 адамдын өмүрүн алган жардыруу ооган өкмөтүнүн жана «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү ондогон жылдар бою уланып келе жаткан согушка чекит коюу боюнча Катардын борбору Дохада жолугуп жаткан учурда орун алды. 12-сентябрда башталган сүйлөшүүлөргө карабай «Талибан» ок атууну токтотуудан баш тарткан болчу.

БУУнун Ооганстандагы миссиясы 2020-жылдын биринчи жарымында эле 1280 жайкын тургун ар кыл жардыруудан, кол салуудан каза болгонун каттаган.

Окуганга кызыктуу

Бийликке каршыларга үмүт арткан «Чоң Казат»Коронавирустун айынан Орусияда мектеп кайра жабылатНавальныйдын Меркел менен жолукканы ачыкка чыктыПрезиденттин сын коштогон сапары