COVID-19: Ноокатта жарым жылдан бери комада жаткан дарыгер операцияга муктаж

Иллюстрациялык сүрөт.

Ноокатта коронавирус эпидемиясы башталган алгачкы күндөрү обсервацияда иштеп, өзү кийин ушул оорудан улам комага түшүп калган дарыгер Мукарам Ураимова операцияга муктаж. Бул тууралуу 29-сентябрда «Азаттыкка» сиңдиси Минарам Ураимова билдирди.

Анын айтымында, жогорку даражадагы дарыгер Ураимова 7-апрелде жергиликтүү оорукананын инфекциялык бөлүмүнө жаткырылган. 25-апрелде эс-учун жоготкон бойдон дээрлик жарым жылдан бери өзүнө келе элек.

«37 жыл иштеген, жогорку категориядагы дарыгер. 10-апрелден бери мурду менен тамактанат. Операция жасаш керек. Дары-дармегин, тамак-ашын өзүбүз жеткирип жатабыз. Биринчи кезекте республикалык деңгээлде медициналык текшерүүдөн өткөрүп беришсе, Чоро Тукешовичтин бөлүмүнө жаткырып беришсе деген өтүнүчүбүз бар. Кийин, балким Москвада же Түркияда реабилитациядан өтсө», - деди сиңдиси.

Ош облусунун Ноокат районундагы «Барын» медицина борборунун башкы дарыгеринин орун басары Ураимова төрт баланын энеси. Балдары да өзү сыяктуу медицина кызматкерлери.

29-сентябрда өкмөт Ураимовага жардам берилерин кабарлады. Премьер-министр Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигине тез арада окуянын чоо-жайын иликтеп, дарыгерди санитардык авиация менен Бишкекке алып келүүнүн жолдорун караштырууну тапшырды жана ага тийиштүү компенсация төлөнүп берилиши керек экенин айтты.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Ураимова быйыл 18-19-мартта COVID-19 эпидемиясынын алгачкы күндөрүндө обсервацияда иштеп жатып коронавирус жугузуп алган. Кийин эки өпкөсү 80% жабыркаганы аныкталган. Азыр кызынын үйүндө жасалма дем алдыруу аппараты менен жаткан Ураимованын абалын дарыгерлер оор деп мүнөздөп жатышат.

Саламаттык сактоо министрлиги Ураимова Бишкекке которулмай болгонун, ага 200 миң сом компенсация төлөнүп берилгенин маалымдады.

Кыргызстанда коронавирус 46 миңден ашуун адамга жукту, алардын үч миңден ашыгы медицина кызматкери. Оору жуккан дарыгерлердин 83үнүн өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок. (RK)