СOVID-19: Дүйнөдө илдеттен көз жумгандар бир миллиондон ашты

Коронавирус тестирлөөчү жаңы аппарат.

АКШдагы Хопкинс университетинин маалыматына караганда, 28-cентябрь күнү оорудан көз жумган жалпы адамзаттын саны 1 000 555 кишиге жетти. Каза болгондордун басымдуу бөлүгү – АКШда, 205 024 адам коронавирустан улам жашоо менен кош айтышты. Жалпы илдетке чалдыккан адамдардын саны - 33 273 720. Оорудан 23 056 480 киши айыгып чыкты. Америкада COVID-19 илдетине 7 147 341 адам чалдыкты. Бразилияда 4 745 464 адам ооруп, анын ичинен 141 741 киши көз жумду. Индияда 6 074 702 адам коронавирус жугузуп, 95 542 адам каза болду. Орусияда 1 159 573 адам коронавируска кабылып, 20 385 адам көз жумду.

Кыргызстанда 28-сентябрга карата 104 адамдан коронавирус жаңыдан табылды. Илдет алгачкы аныкталган 18-марттан бери коронавируска чалдыккандар 46 355 адамга жетти. COVID-19 жугузган 42 619 киши айыкты.

Вирус башталганы өлкөдө расмий эсеп боюнча 1064 адам каза болду. Алардын 83ү - медициналык кызматкерлер. (ZKo)

Дагы караңыз

Эрдоган Армениядан Тоолуу Карабактан чыгып кетүүнү талап кылды Украин парламентинде самогон ачыткандарды айыпка жыкпоо тууралуу сунуш айтылдыПольша экстремизм боюнча шек саналган тажик жарандарын депортациялады Шайлоо 2020: Үч партия бийликти мыйзам бузууну токтотууга чакырдыCOVID-19: ооруканаларда жаткан 119 бейтаптын абалы оорПрезиденттин сын коштогон сапарыМектептерде 2-6-класска чейин окутуу боюнча маселе талкууланып жатат