Кыргызстанда коронавирус жугузуп алып ооруканада жаткан 700 бейтаптын 119унун абалы оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-сентябрдагы маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, вирус жугузуп алгандардын ичинен 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат. Тогуз бейтаптын абалы канааттандырарлык. 559 адамдын абалы орто деп бааланууда.
Үсөнбаев Кыргызстанда коронавируска байланышкан эпидемиологиялык кырдаал кооптуу экенин кошумчалады.
Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 илдетинен бир киши каза болуп, пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1064кө жетти. Өлкөдө соңку үч жума аралыгында коронавирустан каза болгон киши каттала элек болчу.
Вирусту 46 355 киши жугузуп алды. Учурда 700 бейтап стационарда, 1 520 киши үй шартында дарыланууда. COVID-19 жугузган 42 619 киши айыкты. (NT)
Дагы караңыз
Мектептерде 2-6-класска чейин окутуу боюнча маселе талкууланып жататCOVID-19: Катталган өлүм, камаарабаган элCOVID-19: шайлоодо добуш берүүнүн алгоритми жарыяландыИбраева: Кыргызстанда коронавирус 1 200дөн ашык баладан табылды