Иранда кийинки күндөрү балдарга СOVID-19 илдети жуккан учурлар көп каттала баштады. Баш калаа Тегерандагы «Али Аскар» балдар ооруканасынын дарыгери Голамреза Бейзайияндын айтымында, коронавирус менен ооруканага түшкөн балдар күндөн күнгө көбөйүп жатат.
Иран өкмөтү азырынча так көрсөткүчтөрдү жарыялай элек. Айрым ата-энелер балдарын мектепке жиберүүдөн кооптонуп жатышканын окуу жайларынын директорлору кабарлашты.
Ирандын президенти Хасан Роухани 26-сентябрда коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында провинциялардын жетекчилерине кырдаал курчуп баратса карантин киргизүү укугун ыйгарды.
Өлкөдө бул илдеттен каза болгондор 25 миңден ашты.
Жалпы дүйнөдө коронавирус бир миллиондон ашык бейтаптын өмүрүн алып, ооруну 32,5 миллиондон көп киши жугузуп алды.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери белгилегендей, кийинки жылдын алгачкы жарым жылында коопсуз жана натыйжалуу вакцина баарына жеткиликтүү болмоюнча пандемияны көзөмөлдөө мүмкүн эмес.
Дагы караңыз
Партиялар журналисттерге убада бериштиЛампа заводу «Кыргызмунайгазга» өтөт«Биримдиктин» төрагасы самаган «евразиячыл интеграция» Дубнов: Кыргызстанда Кремлге баш ийбеген саясий жараян болбойтШинжаңда түзөтүүчү лагерлер көбөйдү