Баткен облусунун аймагында коронавирус оорусуна байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал курч болуп жаткандыктан, облустук штабдын чечими менен бир катар чектөөлөр кошумча киргизилгенин штабдын өкүлдөрү 28-сентябрда «Азаттыкка» билдиришти.
28-сентябрдан тартып облустан тышкары, район аралык жана ички коомдук транспорттун каттамдары, мал базарлардын иши, мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуу убактылуу токтотулду.
Баткен облусунун аймагына чек арадан өтүп жаткан Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары акыркы үч күндө алынган ПЧР анализи таза чыкса гана киргизилмек болду.
Базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жүргүзүү жана дезинфекциялоо иштерин күчөтүү, баш ийбегендерге чара көрүү милдети райондор менен шаарлардын башчыларына жүктөлдү.
Ошондой эле партиялардын шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүүдө санитардык эрежелерди, маска режимин, социалдык аралыкты сактоого көзөмөлдү күчөтүү, ал эми белгиленген талаптарды бузгандарга чара көрүү тапшырылды.
Күндөлүк статистикалык маалыматтар коронавирус жугузгандардын саны Баткен облусунда көп болуп жатканын көрсөтүүдө. Соңку бир суткада өлкө боюнча илдет жукканы аныкталган 104 кишинин 37си Баткен облусунан болуп чыкты. (JsA)