Араван районунда шайлоо үгүтү маалында чыккан мушташка байланыштуу дагы эки киши кармалды.
Алардын бөгөт чарасы 24-сентябрда каралат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулу айтты.
Мурдараак төрт адам колго түшүп, райондук соттун чечими менен эки айга тергөө абагына камалган.
20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жараат алган.
Мушташ «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын тарапкерлеринин ортосунда чыкканы айтылган. Эки партия тең муну чагым катары сыпаттаган билдирүү таратышкан.
БШК күч органдарынын билдирүүлөрүнүн негизинде жагдайды талкуулай баштады. Жыйында ИИМ өкүлү чатак жол курууга байланыштуу убадалардан улам чыкканын айтууда.
Мушташтан соң райондук милициянын башчысы Сактан Исмаилов иштен алынган.
Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышып жаткан талапкер-партиялардын 4-сентябрда башталган үгүт иштери шайлоого бир күн калганда токтотулат. (SE)
Дагы караңыз
БШКда Аравандагы үгүт маалындагы мушташ талкууланып жатат (видео)Өзбекстан уран өндүрүшү тууралуу маалыматты ачыкка чыгардыКыргызстан терроризмге каршы күрөштүн борборуна айлангысы келетАдвокат: Сапар Исаков №27 колонияга которулду