Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоодо добуш берүүгө укуктуу 3 523 532 кишинин тизмесин тактады. Бул тууралуу 24-сентябрда Бишкектеги басма сөз жыйынында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
2015-жылдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн саны 2 761 297 киши болгон. 2017-жылдагы президенттик шайлоодо 3 025 770 шайлоочу катталган.
Кыргызстандын 120 орундуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия катышат.
Шайлоо өткөрүш үчүн 2474 шайлоо тилкеси даярдалары айтылган. Анын 45и чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн башка өлкөлөрдө болот. (SE)
Дагы караңыз
Өзбекстан уран өндүрүшү тууралуу маалыматты ачыкка чыгардыШайлдабекова: №2 форма боюнча түшкөн арыздар 481 миңден аштыCOVID-19: Партиялар санитардык эрежени сактабай жататASPI: Кытай мусулмандарды кармоочу жайларды көбөйттү